Биз менен байланышыңыз

Мөңгү мыйзамын өзгөртүү сунушу коомдук талкууда

Саясат | 19 Фев 2019 | 1375 | 0

Бүгүн, 19-февралда Суу кодекси боюнча депутаттар жана эксперттердин катышуусунда талкуу өттү. Себеби, буга чейин “Ата Мекен” фракциясы мөңгүлөрдү жок кылууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Бул сунуш боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чийки экенин эксперттер билдиришти.

Кыргызстанда акыркы жолу «Суу кодексине» өзгөртүүлөр 2017-жылы киргизилген. Анын негизинде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн өндүрүштүк максатта колдонууга уруксат берилген. Андан соң алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын үзгүлтүксүз иштетүүгө жол ачылган.

Учурда “Ата Мекен” фракциясы мөңгүлөрдү жок кылууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мыйзам долбоорун талкууга алып чыкты. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн сунушу менен Суу кодексине киргизилген өзгөртүүгө жарандык коом нааразы болгон. Анда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү “Ээрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү” каралган.

-Мөңгүлөр- биздин баа жеткис табигый байлыгыбыз. Келечекте суунун баасы көтөрулөт, таза суу тартыштыгы адамзаттын тынчын ала баштайт. Ошондуктан биз суу ресурстарыбызды жана экосистеманы коргошубуз керек. Алтынды жер астынан алуу ыкмаларын колдонуп өндүрүшүбүз талап.

Дал ушул сунушту эксперттер менен Жогорку Кеңештин депутаттары тегерек столдо талкууга алышты.

Эл өкүлү Рада Туманбаева «Ата Мекен» фракциясынын сунушун колдоп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн экономикалык максатта колдонбоо керек экенин айтты.

-Мен бул тармакты жакшы билген адис эмесмин. Бирок келечекте жаш муундун бетин уялбай кароо үчүн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү сакталып калсын деп добуш берем. Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деген демилгени «Ата Мекен» фракциясы көтөргөн. Бүгүнкү күн менен жашабай, келечекти да ойлоо керек. Учурда миңдеген жаңы технологиялар чыгып жатат. Ошол тармактарда иш тапса болот.

Деген менен айрым эксперттер мөңгүлөрдү жок кылууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун колдоого алышпайт. Алардын бири саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов «Ата Мекен» фракциясы сунуштаган мыйзам долбоору чийки экенин билдирди.

-Негизи сунуш чийки болуп жатат. Анда Лысый жана Давыдов мөңгүсүн талкалоого болбойт деп сунуштоодо. Бирок мыйзам долбоорундун негиздемеси жок болуп жатат. Эмне үчүн мөңгүлөрдү талкалабоо керек деген суроого жооп берүү керек да.

Бүгүнкү күндө Давыдов мөңгүсүнүн көлөмү өлкөдөгү мөңгү аянттарынын 0,14%ын түзөт. 1995-2002-жылдары климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Давыдов мөңгүсү 170 метр, Лысый мөнгүсү 60 метрге артка кеткен.

Тегерек столдун жүрүшүндө мөңгүлөрдү изилдеген адис Рыскул Усубалиев Давыдов мөңгүсүндө механикалык талкалоо иштери жүрүп жатканын айтып, бирок «Кумтөр» компаниясынын өнүмү өлкөгө керек экенин билдирди.

-Давыдов мөңгүсүнүн астында алтындын кору көп жаткан жер. Ошондуктан мөңгүнүн үстүн алып салып, очок жасашкан. Очокко мөңгү түшүп турбашы үчүн аны алып туруу керек. Анткени мөңгү дайыма кыймылда болуп турат. Эгер аны алып турбаса иштеп жаткан адамдарды басып калат. Ал эми Лысый мөңгүсү таза бойдон турат. Бирок Лысый мөңгүсүнүн ылдый жагына Давыдов мөңгүсүнөн иштелип чыккан калдыкты төгүп жатышат. Муз эригенде кир суу чыгат. Анткени иштетилген мөңгү эрип жатат. «Кумтөр» компаниясы өлкө бюджетинин бир нече бөлүгүн жаап жатат. Азыр ишкананы токтотуп салсак туура эмес болуп калат. Баштаган ишти аягына чейин чыгаруу керек. Ошол эле учурда көзөмөлдү күчөтүп, экологияны сактоо зарыл.

«Кумтөр» – дүйнөдөгү эң бийик тоодо жайгашкан алтын кендеринин бири. Ал деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги мөңгүлөрдүн аймагында жайгашкан. Кыргыз өкмөтү менен «Камеко» корпорациясынын «Кумтөр алтын» долбоорун түзүү боюнча башкы макулдашууга 1992-жылы кол коюлган. Алтын ылгоочу фабрика 1996-жылы ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM