Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги бир топ мектеп, бала бакчаларда суу өчүрүлдү

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 495 | 0

Бүгүн, 19-февралда Бишкектеги 15 мектеп менен 27 бала бакчада суу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Суу эртең мененки саат 9:00дөн тарта түнкү 24:00гө чейин өчүрүлөт. Себеби суу түтүктөрүн кеңейтүү максатында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу суу өчүрүлгөн райондордогу бала бакча, мектептер 1 күн ишин токтотту.

Суу өчүрүлгөн мектеп, бала бакчалардын тизмеси:

№: 3, 14, 17, 20, 26, 37, 39, 56, 60, 63, 71, 13, 55, 72, 80 мектептер;

Адистештирилген №: 85, 87, 104, 117, 122, 134, 174 жана адаттагы №: 10, 44, 71, 79, 82, 94, 107, 109, 111, 112, 120, 123, 127, 133, 135, 138, 140, 142, 157, 173 бала бакчалар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM