Биз менен байланышыңыз

КТРКнын директорлугуна талапкерлер такталды

Саясат | 18 Фев 2019 | 1462 | 0

Коомдук телерадиокорпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берди. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныктады. Калган үчөөнүн тиешелүү документтери толук болбогондуктан, талапкерликтен четтетилди. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтмөкчү. 

18-февралда Жыпар Жекшеев төрагалык кылган Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешинин жыйыны болду. Анда КТРКга башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн документтер текшерилди. Жалпысынан 22 талапкерден арыз келип түшкөн. Алардын үчөөнүн документи толук болбой калды.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Кубат Болотканов кепилдик каты жок талапкерлерди тизмеден чийбөө керектигин айтты.

-Биз ишти баштаганда эле ээрге туура эмес олтурдук. Кепилдик кат абдан маанилүү документ эмес. Алар андай кагазды кайдан алабыз деп жүрүштү. Азыр коомчулуктун баары коомдук телеканалдын директорун шайлоону карап турат.

Жыйындын жүрүшүндө 10 талапкердин кепилдик каты боюнча кеңеш мүчөлөрү арасында талаш жаралып, аталган каты жокторду шайлоого катыштыруу маселеси эки ирет добушка коюлду.

Натыйжада көпчүлүк кепилдик каты жок 10 талапкерди үч күндүн ичинде тийиштүү документти алып келүүгө милдеттендирилди. Ал эми үч талапкердин документтери толук эмес болуп чыкты.  Алар талапкерликтен биротоло четтетилишти.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев КТРКнын башкы директорун тандоо үч баскычтан турарын билдирди.

-Каалаган талапкерлерге биз шарт түзүп бердик. Алар жобого ылайык талап кылынган документтерди бериши керек. Бүгүн биринчи баскыч аяктады. Экинчи баскыч 28-февралда болуп, катталган талапкерлер менен маектешүү болот. Үчүнчү баскычта жашыруун тандоо болуп, кимди төртүнчү этапка өткөрүүнү чечебиз. Буга балким журналисттер дагы катышат. Акыркы баскычта шайлоону бюллетень менен жүргүзөбүз.

КТРКга директор болууга талапкерлигин койгондордун арасында Илим Карыпбеков, Мирлан Самыйкожо, Дүйшөк Мамбетөмүров, Адил Турдукулов, Жылдыз Муслимова, Каарманбек Кулуев, Сюита Соурбаева, Малика Курманова, Ибраим Нуракун уулу,  Болот Бакетаев жана башкалар бар.

Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдыз Бакашова талапкерлердин документтери так, калыс каралганын билдирди. Анын айтымында, көбүнүн кепилдик каты жок болуп чыкты. Бирок ал документ маанилүү болбогондуктан экинчи баскычка талапкерлер өттү.

-Кепилдик кат талапкерлерден сурай турган документтердин арасында бар. Кепилдик катты расмий уюм жазып бербейт. Аны өзү гана диний жана саясий уюмдарга мүчө эмесмин деп бериши керек. Бул маселе абдан талкууланып өттү. Анткени 10 кишинин кепилдик каты жок болуп чыкты. Себеби биринчи баскычта эле 13 талапкер жыгылып калууда. Балким алар өмүр баянында аталган уюмдарга мүчө эместиги жазгандыр. Азыр өмүр баяндарын толук карап чыккан жокпуз.

Айта кетсек, башкы директорлук кызматтын мөөнөтү 4 жыл. Шайлоо үч этап менен өтөт. Кийинки баскычка мурунку этаптан өткөн талапкерлер гана чакырылат.

Copyright © 2017 Maral FM