Биз менен байланышыңыз

Азайган инвестиция өкмөттүн отставкасын эске салды

Саясат | 18 Фев 2019 | 772 | 0

Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын көлөмү азайды. Өткөн жылы инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Cебеп катары өкмөт кирешелердин төмөндөшү менен айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкцияларын белгилөөдө. Ал эми эскперттер буга өкмөттүн чабалдыгын айтышып, жаза аткаруу бийлигинин отставкасын шарттап коюсу мүмкүн экендигин эскертишти. 

Ушул тапта Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү азайып жатат. Анын башкы себеби кирешелердин төмөндөшү менен айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкциялары болууда. Мындай маалыматты Экономика министри Олег Панкратов билдирген.

Анын маалыматында, өткөн жылы экономикасы өткөөл мезгилде турган өлкөлөргө инвестициялардын тартылышы 27 пайызга азайган. Мындай абалдан Кыргызстан да четте калган жок.

ткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Ал эми ушул мезгилде Кытайдан 127 млн доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 млн доллардын чегинде болду. Инвестициянын келишине жергиликтүү тургундардын инвесторлорго каршылык көрсөтүп жатышы, Бишкек ЖЭБи сындуу чуулгандуу соттук иштер да кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын жашырууга болбойт.

Мындан үч жыл мурун Кыргызстан ЕАЭБ курамына кирген. Ушул мезгил аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары, май сындуу өнүмдөр өндүрүлө баштаганын өкмөт кабарлаган. Бирок экономикалык көрсөткүчтөр өспөй, тескерисинче төмөндөп кеткенин парламентте депутаттар айтып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишин сынга ала баштады.

Ал арада КСДП фракциясы өкмөттүн инвестиция тартуу аракетин канааттандырарлык эмес деп баалады. Мындай чечим өкмөттү оставкага кетирем дегендер үчүн негизги себеп болоорун мурунку вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

-Албетте, инвестиция экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Байкасаңар, өкмөт биринчи жолу кызык бир маалыматтарды айтып жатат. «Биз карыз албай жашоону баштадык, Кумтөргө көз карандысыз болуп экономиканы өстүрүп баштадык» деп маалымат берүүдө. Азыр өкмөттүн отчету жакындап калды. Өкмөттүн курамын түзгөн КСДП фракциясы ишине канааттанарлык эмес деп баа берди. Бул өкмөттү кетиремин дегендерге себеп болот. Иштеп жаткан өкмөттүн курамына коомчулук деле канааттанбай келе жатат. Парламентте дагы өкмөттүн дарегине сын пикирлер көп айтыла баштады.

Өткөн жылы парламент өкмөткө сырттан келген инвестициялардын натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырган. Мындан улам аткаруу бийлиги сырттан карыз албай, ойлонууга убакыт алганын Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

Анын пикиринде, сырткы карыздын өсүп кеткендигине байланыштуу инвестициянын көлөмү түштү. Санга эмес сапатка көңүл буруу керек.

-Буга чейин мамлекеттик инвестициялардын кандай пайдаланганын көрүп жатабыз. Мурда иштеп кеткен өкмөт тарабынан келген инвестициянын бизге кереги барбы же жокбу баарын эле киргизе берген. Ошондуктан биз тараптан инвестициялардын натыйжалуулугун карап чыгуу талабы коюлган. Өкмөттү отставкага кетирүүгө менде ой деле жок.

Ал эми экономист Эркин Абыдразаков Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өнүгүүнүн үстүндө иштебей, тагдырын жана бийлигин сактап калууну ойлоп жатат деп сындады.

Анын айтымында, азыркы өкмөттүн чабалдыгынан бюжетке көп каражат түшпөй калды. Ошол эле учурда бир дагы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган жок.

-Акыркы убакытта инвестициянын көлөмүнүн кыскаруусунда Кытайды гана айтып туруп алдык. Кытай азыраак эле грант берип, көпчүлүгү өтө ыңгайсыз шарттарда берген насыялар болуп жатат. Кыргызстанда таза экологиялык азыктарыбыз бар деп мактанганыбыз менен алигиче инвесторлор менен чоң өлчөмдөгү келишимдер түзүлө элек.  Бул жагынан өкмөт чабал болуп жатат. Өкмөт азыр өздөрүн сактап калуунун үстүндө иштеп, күнүмдүк эле кантип бюджетти толтурабыз деп ички резервдерди издеп жүрөт. Ошондуктан өкмөттүн отставкасы күтүлөт.

Кыргыз өкмөтү өзүнүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү, оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдап, парламенттин кароосуна киргизе турганын көптөн бери айтып келет. Бирок сунуш Жогорку Кеңешке келип түшө элек. Депутат Айнура Осмонова айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ишине канааттанбай жүргөнүн айтып, алар аткаруу бийлигинин ишин артка тартууда деди.

-Өкмөттүн отставкасы тууралуу эч нерсе айта албаймын.  Премьер-министр колунан келишинче иштеп жатат. Өкмөттүн курамы көпчүлүк коалиция сунуштаган талапкерлер менен куралат. Ошондон улам айрым министрлерибиз иштей албай  жатат. Муну ачык айтышыбыз керек. Премьер-министр өкмөттүн курамын өзү түзүүсү керек. Анткени фракциялар сунуштаган министрлер толук кандуу иштебей жатат.

Мындан тышкары 2018-жылы ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү 2017- жылга салыштырганда төмөн болду. Тагыраагы, 2017-жылы жалпы экономикада 4 пайыздан көбүрөөк өсүш болсо, өткөн жылы 3 пайызга гана жеткен.

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM