Connect with us

Кербен аэропорту майда ишке берилет

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1380 | 1

Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан «Кербен» аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Реконструкциялоо иштери 31-мартта аяктап, заманбап шарттар менен камсыздалып, май айынанан тарта Кербен – Бишкек каттамы ишке аша баштайт, деп күтүлүүдө.

«Кербен» аэропорту кайрадан ишке берилиши Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот.

Эске салсак, «Кербен» аэропорту дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген.

Аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү чечими кабыл алынып, 2018-жылдын 27-ноябрында оӊдоп-түзөө иштери башталып, быйыл 31-мартта аяктайт.

«Кербен» аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын эсебинен каржыланууда.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM