Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан «Кербен» аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Реконструкциялоо иштери 31-мартта аяктап, заманбап шарттар менен камсыздалып, май айынанан тарта Кербен – Бишкек каттамы ишке аша баштайт, деп күтүлүүдө.
«Кербен» аэропорту кайрадан ишке берилиши Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот.
Эске салсак, «Кербен» аэропорту дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген.
Аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү чечими кабыл алынып, 2018-жылдын 27-ноябрында оӊдоп-түзөө иштери башталып, быйыл 31-мартта аяктайт.
«Кербен» аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын эсебинен каржыланууда.