Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү сотко жөнөтүлдү

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 576 | 0

“Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова «Маралга» билдирди. Өтүнүч “Адилет” укуктук клиникасы тараптан келтирилген.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун президенттин алдындагы ырайым кылуу маселелер боюнча катчылык кароодон баш тарткан.

Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча, иш каралбай турганын айткан.

Эске салсак, саясатчыга карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM