Биз менен байланышыңыз

Адамкул Жунусовдун камактагы мөөнөтү дагы узартылды

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 578 | 0

Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусовдун камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабарлайт.

Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган. Азыркы тапта Жунусов УКМКнын  убактылуу кармоочу жайында.

Буга чейин Жунусовду 4-февралга чейин камакта калтыруу чечими 2018-жылдын 30-декабрда чыккан болчу.

Ал Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Эске салсак, Адамкул Жунусов  Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде өшол кезде өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM