Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусовдун камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабарлайт.
Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган. Азыркы тапта Жунусов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.
Буга чейин Жунусовду 4-февралга чейин камакта калтыруу чечими 2018-жылдын 30-декабрда чыккан болчу.
Ал Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, 4-декабрда Баку шаарынан кармалган. Ага карата 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.
Эске салсак, Адамкул Жунусов Бажы кызматынын төрагасы болуп 2013-2016-жылдары иштеген. 2016-жылы 20-апрелде өшол кезде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан бошотулган.