Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба насыяларын төлөө мөөнөтү узартылды

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2019 | 744 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорунун алкагында берилген насыяларды төлөө мөөнөттү узартылды. Бул тууралуу «Айыл Банктын» төрагасынын орун басары Уранбек Шарапов билдирди.

Анын айтымында, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары, жаңы түзүлгөн кайра иштетүү ишкананаларына жана күнөскана чарбасын жүргүзүүгө насыяны төлөө мөөнөтү 60 айга чейин узартылды.

-Ал эми насыянын үстөк пайызынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдагыдай эле. Долбоордун алкагында кошумча дагы 6 айыл чарбасындагы өсүмдүктөрдү өстүрүүгө насыя беребиз. Кайра иштетүү тармагында айыл чарбасындагы он бир түр чарба киргизилди.  Алар сүт, эт, жүн, балык, жашылча, картошка жана башкалар. Эгерде сыртка экспортко чыгарыла турган болсо гана 6 пайыз үстөгү менен насыя ала алышат.

Мындан тышкары, 8% үстөгү бар насыялар бак өстүрүүчүлөргө, күнөсканаларга жана башка чарбаларга берилет. 10% үстөгү менен насыялар мал чарбачылыгына өсүмдүк өстүрүүгө каралган. Жалпысынан 5 млрд сомдон ашык каражат насыя берүүгө каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM