Биз менен байланышыңыз

АКШ Венесуэалага шайлоо өткөрүүгө жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 588 | 0

АКШнын Венесуэла боюнча расмий өкүлү Эллиот Абрамс Венесуэлада эркин, адилеттүү шайлоо өтушүнө жардам берүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Конгрессте сүйлөгөн Абрамс: «Венесуэланын президентин биз эмес, өлкө жарандары өздөрү шайлоого тийиш. Биз болсо демократиялык жол менен шайлоонун өтүүсүнө жардам беребиз»,-деди.

Анын айтымында Американын бул жаатта тажрыйбалуу институттары бар.

Мындан сырткары ал АКШ Венесуэлада аскердик операция жасабай турганын кошумчалады.

Конгрессте демократтар Абрамска ишенбөөчүлүк билдирип, өз миссиясын чектен чыкпай аткаруусун талап кылышты.

Эске салсак, учурда Венесуэлада кош бийлик өкүм сүрүүдө. Расмий президент Николас Мадуронун каршысында оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, аны америкалык жана европалык бир катар мамлекеттер кабыл алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM