Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жылда 15,1 миң иш оруну түзүлдү

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 509 | 0

2018-жылы Бишкекте  15, 1 миң иш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча шаардагы ишканаларда 1,5 миң жаңы иш орундар пайда болгон. Мындан сырткары жеке ишкерлер тарабынан 13,6 миң иш оруну түзүлгөн.

Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин 2017-жылга берген  маалыматы боюнча иш орундары менен камсыз кылуу ушундай эле көрсөткүчтөрдү көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM