Биз менен байланышыңыз

“Кентавр” фильми кайрадан экрандан көрсөтүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2019 | 625 | 0

Бишкекте “Кентавр” фильми элдин суранычы менен кайрадан экрандан көртөтүлөт. Бул тууралуу аталган кинонун режиссеру Актан Арым Кубат «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, фильм 28-февралда «Ала-Тоо» кинотеатрда көрсөтүлөт. Тасманы «кайдан көрөбүз» деп суранган кишилер көп болду.  Ошондон улам кайра көрсөтүүнү туура көргөн. Бул тасма эл тарабынан жакшы кабыл алынган. Бирок аз көрүлдү. Ага «Свет аке» тасмасына караганда аз сын айтылган эмес.

“Кентавр” – Кудайды издөө жана элдик салттарды сактап калууга жан үрөгөн адам туурасындагы фильм. Анда адам менен жылкынын метафизикалык байланышы жөнүндө баяндалат.

Фильм Берлинде өткөн Эларалык кинофестивалда эларалык автордук кино федерациясынын CICAE сыйлыгына жана дүйнө жүзү боюнча башка сыйлыктарга татыган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM