Connect with us

Абасы эң кир шаар: жылына 7 миллион өлүм

Блог | 11 Фев 2019 | 3114 | 0

Баш оору, жөтөл, бронхит, рак жана карарып кеткен өпкө. Планетадагы эң булганыч шаардын абасы тургундардын ден соолугун жана жашоосун алууда.

Мүмкүн ага жашоого бир нече эле ай калгандыр. 56 жаштагы жөнөкөй бухгалтер Пуран Мал дарыгер Арвинд Кумардын кабинетинде дем алуусу оор болуп жатканына даттанып отурат. Баласы жакшы кабар болуп калар деп, аны ар кайсы ооруканаларга алып барган, тилекке каршы, жакшы жыйынтык чыккан жок. Белгилүү жана дарылоого мүмкүн болбой турган диагноз коюлду: Пуранда метостаздары менен өпкө рагы бар экен.

«Чегесиңби?» — деп сурады Делидеги Ганга Рам ооруканасынын пульмонологу Арвинд Кумар.

«Жок!» — деп жооп берди Пуран Мал.

Кумар жооп катары жөн гана башын ийкеп койду: тааныш окуя, кийинки учурда көп кездешүүдө. Өпкө рагы менен ооругандар жашарып баратат, көпчүлүгү чылым чегишпейт дагы. Ал ордунан туруп, колун Пурандын моюнуна койду да шак эле дагы бир шишикти тапты. Жаңы текшерүүнү пландады, бирок дартты так аныктады: эгерде дарыланбаса жарым жылдай жашайт, ал эми дарылана турган болсо, бир нече ай узагыраак жашай алат.

«30 жыл мурун, мен жаңы баштаганда, рак оорусуна чалдыккандардын 90% чеккен адамдар болчу. Алардын 10% гана чекпегендер эле. Азыр дал келүүчүлүк 50гө 50. Себеби абанын булганышы» — деп түшүндүрдү ал.

Жылына жети миллион өлүм

Бир жыл ичинде Пуран Мал, баарынан мурда, кайгылуу статистиканы толуктайт. Бүткүл дүйнө боюнча абанын сапаты бузулуп жатат, өзгөчө чоң шаарларда. Анын кесепеттери абдан трагедиялуу: булганган аба жылына жети миллионго жакын адамдын өмүрүн алууда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет. Башкача айтканда, бул бир жылда Сириядагы 17 согуш. Же болбосо, Норвегиянын дээрлик жарымы.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, Пуран Малдын туулуп өскөн шаары Дели планетадагы эң кир шаар болуп эсептелет. Ошондуктан Делинин көрсөткүчтөрү жада калса дүйнөгө белгилүү болгон Пекин менен Каирден да ашып кетти. Аба унаалардан чыккан газдар, көмүр электрстанциялардын түтүнү, өнөржай таштандылары жана курулуш калдыктары менен ууланган.

Шаардын четиндеги талааларда фермерлер паяларды өрттөшөт, ал эми кедейлер кышында жылынуу үчүн, көмүр жана ар кандай таштандыларды от кылып жагышат.

Жыйынтыгында, бүркөк аба ырайында шаар уулуу аба менен капкак сыяктуу капталып калат. Кышында калың түтүн туман менен аралашып, эч нерсе көрүнбөй калат. Түтүн көздү жейт, андан тамак кычышат, баш айланат жана ич ооруйт.

Рак жашарууда

Делинин жашоочуларын көп жылдык тажрыйбасы бар чылымчылар деп айтууга болот. Абанын булганышынан улам ар бир, жада калса чекпеген адам да күнүнө эки кутуча чылым чегет деп салыштырат Арвинд Кумар.

«Менин оюмча, жакынкы жарым кылымда индиялык шаарлардын абасындагы токсиндердин айкалышынан улам өпкө жана башка оорулардын эпидемиясы болуу коркунучу турат. Булганган аба өпкөнү гана жабыркатпастан, дененин бардык бөлүгүнө, мээге жана башка органдарга да таасирин тийгизет».

Бүгүнкү күндө ага такыр чекпеген жашы 30га жете элек жарандар да келип түшүүдө. Алар рак оорусу менен кайрылышууда.

Үйсүздөр

Кичинекей Аслам тегерете салынган кесилиште энесинин астында жатат. Ал 27 күн мурун эле төрөлгөн. Анын үйү жок, эгерде Кумардын болжолдоолору туура болсо, анда Асламдын кичинекей өпкөсүнө 540 чылымдын түтүнү кирди.

Анын беш жашар Рашида аттуу эжеси жана төрт жаштагы агасы Фироз унаалар өткөн жолдун четинде ойноп жүрүшөт, ал эми апасы Салма Бегум Асламды бирде эмизсе, бирде өткөндөрдөн акча сурап отурат.

Билимсиз жана үйсүз адамдардын булганган абадан тосуп туруучу дубалы жок. Көчөдө жашоодон башка арга жок. Ошондуктан алар пластикалык табактан жеп жатканда, ачык асманда кир жерде жатканда уу менен дем алышат. Аны менен өмүрү өткөнгө чейин дем алышат.

Бүгүнкү күндө PM2.5 чаңдын микробөлүкчөлөрүнүн концентрациясы бир метр кубуна 375 микрограммды түзөт, башкача айтканда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилегендей, 25 микрограммдагы күндүзгү концентрациядан 15 эсе көп дегенди билдирет. Мунун негизинде Аслам нормадан 37 эсе көп чаң менен дем алып жатат деп айтууга болот.

Карарган өпкө

Төмөнкү тажрыйба дүйнөдөгү көптөгөн гезиттин беттерине чыкты. Былтыр күз айында адамдын өпкөсүнүн моделин Делидеги Гамга Рам ооруканасынын кире беришине миңдеген адамдар өтө турган көчөгө коюп коюшкан. Алгач модел аппак болчу. Бирок көпкө чейин жмес.

«Коюлган өпкө биринчи суткада эле карара баштаганы бизди коркунучка жана таң калууга алып келди, — деп эскерди Арвинд Кумар. — 10-кун дегенде алар көмүрдөн да капкара болуп калды. А бул аба менен Делинин жашоочулары дем алат да!»

Кумар кабинетинде отурат, ал эми компьютердин экранындагы өпкө күндөн күнгө карарып эле баратат. Акыры моделди алып салууну чечишти. Бул видео соцтармактарга тарап, миллиондогон адамдар көрүштү. Бирок муну менен аба тазара калган жок.

Бардыгына тиешелүү

Аба бардыгына бирдей, башкасы жок. Делиде байлар үйлөрүнө жана унааларына кондиционер коюшат. Кимде мындай мүмкүнчүлүк болсо эшикке чыкпоого аракет кылышат, балдарын да чыгарышпайт. Жашоочулар баш ооруга, жөтөлгө, дененин кычышына жана көздүн оорусуна даттанышууда.

«Мен муну өзүм сезип көрдүм. Делиге окууга келгенимде, бат эле бетиме безетки чыгып кетти. Бул жакта дем алуу абдан оор. Чүмбөт кийип жүрүүнү чечтим. Ал көп деле жардам бербейт, бирок колдонсо болот»,- деп айтып берди Химони Радж аттуу студент кыз. Ал курбусу менен Коннот-плейс кварталына соода кылуу үчүн келген.

«Абанын айынан мен бир жума бою көчөгө чыккан жокмун. Азыр дем алыш, көчөгө чыкпай коюуга мүмкүн эмес. Азыр мен Делиден тоого чыгып кетсемби деп ойлонуп жатам. Ал жерде таза аба жана дем алууга оңой», — дейт студент Викранд Мера.

Кайрадан ооруканада

62 жаштагы Жагбир Сингх ооруканада жөтөлүп жатат. Анын өпкөсү алсыз, кычкылтек жетишпей дем алуу үчүн жасалма аппаратка кошулган. Сингх араң эле сүйлөйт, оозун ачканда шыбыраган жана кырылдаган эле үнү угулат.

Жаңы жылдын астында өпкөсүнөн шишик алышкан. Операция ийгиликтүү өтүп, аны үйүнө жиберишкен. Бирок эки күндөн кийинкайра ооруканага түшүп калган. Андан кийин аны кайрадан үйүнө жиберишет. Бир нече күндөн кийин ооруканага кайтууга туура келди. Дарыгерлер Делинин четиндеги булганыч абаны күнөлөшүүдө.

«Аба абдан начар, дем алуу кыйын, — дейт Сингх жөтөлүп. – Мени үйгө жиберишкен, бирок мен ал жакта бир күн да болгон жокмун. Өзүмдү начар сезип, кайрадан ооруканага келдим». Пульмонолог Арвинд Кумар өзүнүн ойлорунун тууралыгынан шек санабайт. Булганыч абанын кесепетин анын кабинетинин жанында узун кезекти көрүп күн сайын байкап турат.

«Биз муну менен күн сайын жашайбыз. Изилдөө көрсөткөндөй, миллиондогон адамдар көз жумууда. Кырсыктын көлөмүн баамдоого убакыт келип жетти. Болбосо, бул үчүн биз чоң жооп беребиз», — дейт Кумар.

Макаланын түп нускасы бул жакта.

Copyright © 2017 Maral FM