Биз менен байланышыңыз

«Бай түшүм»: «Мобильник» кайрадан иштей баштады

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 784 | 0

Бүгүн, 11-февралда саат 15:30 дан баштап “Мобильник” электрондук капчыгындагы акча алмашуу процесси кайрадан иштей баштады.  «МобильникДеньги» электрондук капчыгынын колонуучулары эсебиндеги акчаларын “Бай-Түшүм” банкындагы эсебине которо алат. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

«МобильникДеньги» капчыгынын колдонуучулары эсебиндеги акчаларын “Бай-Түшүм” банкындагы эсебине которо алат. Ошондой эле банктын баардык кеңселеринен каалаган учурда акчаларын ала алышат.

Эгерде «МобильникДеньги» капчыгынын колдонуучусу идентификацияланбаган болсо, анда алар банктын баардык кеңселерине  паспорту менен келип эсебиндеги акчасын өзүнүн банктык картасына которо алат.

Эскерте кетсек, 1-февралдан баштап “Мобильник” ишканасынын серверинде техникалык мүчүлүштүктөр пайда болгондугуна байланыштуу «Бай түшүм» акча берүүнү убактылуу токтоткон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM