Биз менен байланышыңыз

Сот Дамир Мусакеевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 880 | 0

УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев 7-февраль күнү суракка чакырылды. Андан соң Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө боюнча кол кат алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Ага ылайык, Мусакеев УКМКнын 9-башкармалыгынын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок”, — деп айтылат маалыматта.

Партиянын юристтери мындай чечимди келечеги жок деп сыпаттап, КСДП саясий өңүттө жүрүп жаткан иш катары баалады.

Дамир Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бириккен Араб Эмирлигине барып келген.

Эскерте кетсек, Мусакеев 2018-жылы 4-апрелде УКМКнын 9-башкармалыгынын башчылыгынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM