Биз менен байланышыңыз

UFC мушкери мээсин илимий изилдөө үчүн арнады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 597 | 0

UFCнин атактуу мушкери бразилиялык Вандерлей Силва өзү көз жумган соң баш мээсин илимий изилдөөлөр үчүн арнай турганын кабарлады. Бул тууралуу Риа новости жазды.

«Мен мээнин касиети жана анын алуусу ыктымал болгон он жаракаты тууралуу лекцияга катышып калдым. Карап көрсөм айтылган он жаракаттын сегизин мен алгам. Маанайдын кескин түшүп кетүүсү, агрессия, унутчаактык жана уйкусуздук сыяктуу кесепеттерин көргөм. Көп ойлонуп, көз жумсам мээмди илимий изилдөө үчүн колдонулушун чечтим. Ансыз деле ал кийин мага керек болбойт да»,-деди мушкер.

Анын пикиринде илимдин бул тармагы абдан маанилүү.

Эске салсак, Вандерлей Силва UFCнин алкагында 49 беттеш өткөрүп, 35 жолу жеңген. Акыркы беттеши 2017-жылы америкалык Чейл Соннен менен болуп, жеңилүү ызасын тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM