Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ымыркайдын жансыз денеси табылды

Без рубрики | 8 Фев 2019 | 500 | 0

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынын жанында 3-февраль күнү ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу  шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Ымыркайдын өлүмүнүн себебин жана жашын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда наристенин энеси изделүүдө. Болжол менен бөбөк 6-7 айлык болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM