Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик цирктеги башаламандыктар айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2019 | 918 | 0

Мамлекеттик цирк ири реформага муктаж. Жетекчилердин алмашуусу менен көп нерсе өзгөрбөйт. Мындай пикирин режиссёр, жогорку категориядагы артист, маданияттын мыкты кызматкери Светлана Аширова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда цирктин жамаатында абал өзгөчө болуп турат. Мекеменин кызматкерлери биримдиктүү болушу зарыл. Буга чейин акча жагынан көйгөй жаралып, ички тирешүүлөрдүн айынан цирктин кыргыз коллективине көп көңүл бурулбай келген.

— Цирк акча табуу рейтинги боюнча биринчи орунда турат. Бизде билеттер абдан жакшы сатылат. 2 миңдик орун болсо, репертуарларга 3 миңге жакын адам келет. Анын үстүнө цирктин айланасында ресторандар көбөйүп кетти. Ал жерден дагы акча түшөт, бирок каражаттар кайда кеткени белгисиз. Мурдагы жетекчибиз, министрдин орун басары, адмнистрациянын кызматкерлери каражаттарды уурдап, туура эмес иштешкен. Бул боюнча кайсы жерге кайрылбайлы, чектөөлөр болгон. Маданият министрлигине дагы кайрылганбыз. Циркте 4-5 клан болуп кеткен, башкача айтканда, системалык клан бар. 

Аширова цирктин жамааты жаңы жетекчини жалынып жүрүп тапканын белгилейт.

— Эми жаңы жетекчи Фархад Бекмамбетовдон көп нерсени күтүп жатабыз. Ал келген күндөн тарта циркти көтөрүп, жамаатты биримдикке чакырууга аракет кыларын айтты. Жаңы жетекчиге тирек болушубуз керек. Фархад Бекмамбетов менен баарын сүйлөшүп, бир ойго келдик. Биз ушул күндү күтүп келгенбиз. Буга чейинки жетекчилер “өсүү деген сөздү унут” деп жатса, өз алдынча иш кылуу, өнүгүү кайдан. Артисттер маянанын аздаган карабай иштеп жүрөт. Жарым артисттер чет жакта иштеп жүрөт. Артисттердин күнөөсү жок, алар дагы каражаттын жоктугунан улам кетип жатат.

Маалыматка ылайык, цирк артисттеринин айлык акысы 2 жарым миң сомдон өйдө. Жогорку категориядагы артисттердин маянасы эң көп дегенде 6 жарым миң сомго чейин алат.

— Чет мамлекеттен келген артисттер ар бир шоу-программа үчүн циркке ижара акысы төлөйт. Ал акчалар кайда кеткени көп артисттерге кызык болду. Бизге цирктин кассасында акча жок деген маалымат түшкөн. Акчалар адамдардын чөнтөгүнө сарпталып кеткен, ага форма алынчу эмес. Сатылган билеттер мамлекеттик казынага түшкөн соң отурган отургучтарды оңдош керек. Цирк чөгүп бара жатат. Манеждин алдына сасыган суулар толуп кеткен. Ошентсе да циркти кайрадан көтөрүү кеч эмес. Буга чейин 6 ат, 4 ит бар эле. Азыр иттер жок. 3-4 ат бар, бирок алар мекеменин жетекчилеринин акчасына салытып алынган. Башкача айтканда,  циркке тиешелүү бир гана ат бар. Мамлекет ат сатып берген эмес, мекемеден аттын жеми, чөбү үчүн гана каражат сурай алабыз.  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM