Биз менен байланышыңыз

Статс катчы болууга талаптар өзгөртүлүүдө

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 570 | 0

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү»  мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоордо статс катчылыкка мамлекеттик кызматтарда иштеп, бай тажрыйба топтогондор да катыша алат деген кеңейтилген шарттар камтылып жатат. Башта башкаруучу кызматтарда гана иштеген адистердин сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү болуп келген.

Ошондой эле советтик партиялык кызматтарда, аскердик кызматтарда же бала багууга кеткен энелердин ордуна келип убактылуу кызматтын милдетин аткаруучулар да карьералык тепкичтерин жогорулатам десе, алар стаждык жылдарын эсептете алышат.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун белгилешинче, «мамлекетке кызмат кылам» деген жаштарыдын катары өсүүдө. Улуттук кадрлар резервине сунушталган 800гө жакын адистин 34ү сынактан тоскоолдуксуз өтүп, өздөрүнүн такшалгандыктарын көрсөтүштү. Бул жакшы делген менен, алардын социалдык жактан коргоого алынышы да жаш, билимдүү адистердин мамлекеттик кызматка келишине мотивация бергидей болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM