Биз менен байланышыңыз

Уметалиев: Кыргызстанда пара алган да, берген да жазаланбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 632 | 0

Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда саясий элиталар кеминде 6 топко бөлүнүп алганын билдирди.

«Кыргызстанда бир да жолу узурпазияга жол берилген жок. Биз Орто Азия мамалекеттеринен ушул жагыбыз боюнча айырмаланабыз. Учурда саясий элиталар Усубалиевдик, Масалиевдик, Акаевдик, Атамбаевдик, Бакиевдик жана Жээнбековдук болуп бөлүнүп калган. Мындан улам, экономика, базар дагы бөлүнгөн. Ошондой болсо дагы бул узурпазияга караганда жакшыраак», — дейт Уметалиев.

Анын пикиринде, дүйнөдө айрым өлкөлөр мыйзамсыз акча алган адамдарды жазаласа, башка мамлекеттер пара бергендерге чара көрөт. Ал эми Кыргызстанда пара алган дагы, берген дагы жазаланбайт.

«Эч кимге пара бербей туруп баюуга болот, бирок баары байый албайт. Биз ар бир жөнөкөй жарандан пара бербей ишмердик кылуусун талап кыла албайбыз. Коррупция алба деп өкмөттөн талап кылышыбыз керек. Элдин атынан бийликке келгендер эмне иш кылганын жана кандай шарттарды түзгөнү боюнча баарынын алдында жооп бериши зарыл. Дүйнөдө пара бергендер адамдарга чара көргөн мамлекеттер бар, мисалы, Израил. Кытайда болсо бийлик күчтүү болгондуктан мыйзамсыз акча алгандарды көбүрөөк жазалайт. Ал эми Кыргызстанда пара алганы да, бергени да жазаланбайт», — дейт Уметалиев.

Copyright © 2017 Maral FM