Биз менен байланышыңыз

Айдаркенде кош бойлуу энелер мектеби ачылды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 776 | 0

Баткен облусундагы  Айдаркен шаарында эл аралык гуманитардык медициналык «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун колдоосу менен Энелер Мектеби ачылды. Бул мектеп кош бойлууларды эне болууга даярдайт.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Айдаркен ооруканасында толугу менен жабдылган атайын бөлмөдө болочок энелер үчүн төрөткө жана эне болууга комплекстүү даядоо жүрөт. Мектептин максаты – болочок энелер үчүн толгоодо болгон оорууну жеңилдетүү жолдорун үйрөтүү, төрөткө даярдоо, өзүнө өзү көмөк көрсөтүү жана ден соолугун калыбына келтирүү багытында окутууларды уюштуруу. Кош бойлуу аялдардын терс эмоциялары менен бирге эң негизгиси коркунуч сезимдерин жокко чыгаруу.

Окутуунун жүрүшүндө балага кам көрүүдөгү жаңы жөндөмдүүлүктөргө, балага болгон мамилеге жана эмизүүнүн ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.

Айдаркен жалпы дарыгердик практика борборунун директору Эмилбек Сулаймановдун айтымында, Баткен облусунда 3 энелер мектеби бар. Бирок алардын бары облустун Кадамжай, Баткен жана Исфана шаарларынын борборлорунда жайгашкан. Мындай мектептин Айдаркенде ачылып жатканына жергиликтүү тургандар өтө кубанычта.

Жетекчинин айтуусунда, энелер мектеби өтө керек болчу жана атайын кош бойлуу аялдардын суранычы менен ачылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM