Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Коопсуз шаар» ишке ашпай келгенине ИИМ күнөөлүү

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 479 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды. Бул тууралуу эл өкүлү маадымат жыйынында айтты.

Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорунун башында Ички иштер министрлиги турганы үчүн ушунча жылдан бери ишке ашпай келди.  Алар кеңештерди укпай, баарын өз колуна алып, долбоорду аксатып койду. Азыр долбоор ИИМдин катышы жок иштеп жатат. Ошондуктан ийгиликтүү болууда.

Ошондой эле ал 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштаган жаңы кодекстер тууралуу айтып өткөн.

«Ал мыйзамдарды биз 2013-жылдан бери иштеп чыгып, 2017-жылы акыркысын кабыл алып ИИМ менен Башкы прокуратурага таанышуусу үчүн бергенбиз. Башкача айтканда биз аларга жаңычылдыктар менен таанышып, кошумча иштерди жасоосу үчүн 2 жыл бергенбиз. Бирок кемчиликтер эми гана чыга баштады. Бул эки жылда биз эч нерсе жасабаган болуп, аларды кабыл алганыбыз үчүн айыптап жатасыздар. 114 эксперт мыйзамдар менен таанышып, 2019-жылы гана кемчиликтер тууралуу айтып жатасыздарбы?», — деди эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM