Биз менен байланышыңыз

«Сопу-Коргондо ар бир үй-бүлөдө бир адам бооруна операция жасаткан»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 859 | 0

Алай районунун Сопу-Коргон айылында ар бир үй-бүлөдө бир адам эхинококкоз оорусунан улам бооруна операция жасаткан. Бул тууралуу “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Сапарбаев эл өкүлдөрүн, Саламаттыкты сактоо министрлигин Сопу-Коргон айылына көңүл бурууга чакырды.

«Адистер дарт эмнеден улам тарап жатканын аныкташса… Боор билинбей дартка чалдыккандыктан көптөгөн адамдар гепатит менен жабыркап калганын билбейт. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бир үйгө барып, жашагандарды текшерип, боор оорусу менен жабыркагандарды дарылатышы зарыл. Бул маселени чечип берген адамдардын аты тарыхта калат», — дейт Сапарбаев.

Маалыматка ылайык, “Акниет-Аманат” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен ондон көп адам чет өлкөдөн боорун, бөйрөгүн  алмаштырып келген.

Сапарбаев Индиядан боорун алмаштырып келген айрым бейтаптар күнүмдүк дарыга каражат таба албай жатканын айтты.

«Өкмөт боор оорусу менен жабыркагандардын дары-дармек маселесин чечип берсе жакшы болмок. Боорун алмаштыргандар өмүр бою дары ичип жашоого аргасыз», — дейт Сапарбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM