Биз менен байланышыңыз

Кайрымдуулукка чакырган «Кайрымдуу бол» коомдук фонду

Коом | 24 Июл 2019 | 2496 | 1

Кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн коомдук уюмдар жана фонддор өлкөбүздө жыл санап арбып барат. Алардын катарында «Кайрымдуу бол» коомдук фонду да иш алып барып, үч жыл аралыгында турак-жайга муктаж 20 үй-бүлөгө үй куруп беришкен. Ошондой эле, акыркы убакта көп кездешип жаткан боор оорусунан жабыркаган жарандарды дарылоо максатында Индиянын дарыгерлери менен келишим түзүп, бир топ иштер жасалган.

Талас районунун Манас айылынын тургуну Тынчтык Алымкулов гепатиттин «В», «С» түрлөрүн жугузуп алган. Анын айтымында, Кыргызстанда алты жыл дарыланып, бирок натыйжа болгон эмес. Операция жасатууга Индия мамлекетине баруу үчүн каражат таппай, «Кайрымдуу бол» коомдук фондуна кайрылган. Аталган фонд жалпы элден каражат чогултуп, Алымкуловдун дарылануу чыгымын төлөп берген.

— Кандай акыбалда жатканымды Азамат Байматов өз көзү менен көрдү. Кайрымдуулук фонду аркылуу жардам берди. Биринчиден, Кудайга, анан эл-журтка, анан ушул фондго ыраазычылыгымды билдирем. Индиядан боорумду алмаштырып келдим, иним донор болду. Азыр ден соолугум жакшы. Индиядагы доктурлар менен байланышып турам.

«Кайрымдуу бол» коомдук фондунун негиздөөчүсү Азамат Байматовдун айтымында, фондду негиздөөгө коомубузда ар кандай муктаждыктарга кабылган адамдардын тагдыры себеп болгон. Ал бала кезден кыялданган максатын ишке ашырып, демөөрчүлөр тарабынан чогулган каражат аркылуу майып адамдарга, боор-бөйрөк дартына кабылган жарандарга жардам берип келет. Коомчулуктун  колдоосуна зар болгондорго кандай жол менен жардам берилип жатканына төмөнкүчө токтолду:

— Кайрылган муктаждар көп. Аларды турмуштук акыбалына карап, жардам берип жатабыз. Боор оорусуна чалдыккандар көп кайрылат. Алардын материалдык абалына карап, кимиси көбүрөөк муктаж болсо, ага биринчи кол сунуп жатабыз.

«Боорунан же бөйрөгүнөн  операция болгон жарандар дайыма дары ичип жүрүүгө муктаж. Ал дарылар өлкөбүздө өз баасынан 4 эсе жогору сатылат. Биздин фонд ал жарандарга чет мамлекеттен өз баасында дары алып келип берет. Бул боюнча туура эмес маалыматтар да тарап жатат», — дейт аталган фонддун мүчөсү Айсалкын Беренбаева. Бул кызматты муктаж адамдардын атайын кат түрүндөгү кайрылуусунун негизинде көрсөтүшөрүн айтат.

— Бизге чет өлкөдөгү баасынын акчасын берет. Ал суммага дары алып келип беребиз. Бул өтө арзанга түшөт. Ушул себептен «арзан дары, демек, жасалма» деген туура эмес пикирлер айтылып жатат. Ал жерде дарынын кутусунда баасы жазылат. Бардыгы мыйзамдын чегинде жасалып жатат.

Белгилей кетсек, «Кайрымдуу бол» коомдук фонду 10 миңден ашык адамдын ар кандай муктаждыктарын чечип берген. Алдыда турак-жайга муктаж адамдарга үй  куруп берүүнү мерчемдеп жатканын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM