Бишкек шаарынын мэриясы белгилерди даярдоо кызматын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында жайгаштырылган.
Ага ылайык, сатып алуунун жалпы наркы 385 миң сомду түзөт. Сынакка билдирүүлөрдү 27-февралга чейин тапшырууга болот.
Биринчи айлампа — 14 даана «Ардактуу шаар тургуну» белгисин алуу — 140 миң сом.
Экинчи айлампа — 40 даана төш белгисин алуу (алтын, күмүш) — 245 миң сом.