Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 498 | 0
Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында жана көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт.

Саат 9:30дан 17:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда, Белорусский, Жантөшев, Анарчинский тар көчөсүндө, Юнусалиев, Суванбердиев, Бектенов, Неженский тар көчөсү, Бийский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

Саат 09:00дөн 14:00гө чейин Бөкөнбаев, Чуйков, Сүюмбаев, Мичурин, Тургенов, Дунайский тар көчөсү, Фиров, Гульчинский тар көчөсү, Аралский көчөлөрүндөгү бөлүктө;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Лущихин, Калужский, Фрунзе, Черноморский, Кузбасский, Марат, Орлов, Медеров, Абай, Калыс-Ордо жаңы конушунда, Ак-Ордо жаңы конушунда, Шооруков, Темиров, Жал кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM