Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» Ассоциациясын БШК чет жерде биргеликте иш алып барууга чакырды

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 514 | 0

«Замандаш» Ассоциациясын Борбродук шайлоо комиссиясы чет жерде убактылуу же толук жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча кызматташууга чакырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу учурунда «Замандаш» Ассоциациясынын жетекчиси А.Айдаров жетектеген топ чет жерде жүргөн жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу боюнча пандаштырылган иш-чаралар менен таанышты.

Ошондой эле 2018-2020-жылдарга шайлоолорду өлкө тышында уюштурууда шайлоо участкаларын көбөйтүү, шайлоого катталууга арыз берүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу, шайлоо тизмесинен аныктоонун мөөнөтүн узартуу, чет өлкөдө биометрикалык катталууга мүмкүнчүлүк түзүү, маалымат компанияларын кеңейтүү жана граждандар менен кызматташууну активдештирүү жана башка темаларда сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде  «Замандаш» Ассоциациясын өкүлдөрү чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандары менен иш алып баруу жөнүндө айтып, сунуш кылынган иш-чаралар боюнча биргелешип иш алып барууда өздөрүнүн сунуштарын даярдай турганын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM