Биз менен байланышыңыз

Эрдоган-Ципрас жолугушуусу: укуктук өлкө мыйзамга баш ийүүсү керек

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 608 | 0

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас эки күндүк иш сапары менен Анкарага барды. Анда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүдөн кийин эки башчы маалымат каражаттарына жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу BBC түрк кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Афинадан 15-июлдагы «төңкөрүш» аракетине айыпталган 8 түрк аскеринин экстрадициясын талап кылды. «Ципрас мырзага  төңкөрушкө катышкан сегиз аскерибизди өткөрүп берүү талабыбызды айттым. Бул маселеде грек туугандарыбыздан дагы жигердүү кызматташууну күтөбүз»,-деди.

Буга жооп кылып Алексис Ципрас Греция укуктук мамлекет экенин, каалаган кишисин өзү билгендей алып-бере албасын жана сот адилеттигине баш ийүүгө милдеттүү экенин айтты.

Мындан тышкары Кипр жана Эгей деңизиндеги эки тараптуу талаштуу маселелерди да диалог аркылуу чечүүгө болорун кошумчалады.

Эске салсак, 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган «төңкөрүш» аракетине катышууга күнөөлөнгөн сегиз аскер коңшу Грециядан баш паанек алышкан. Афина соту алардын ишин карап, эркиндикке чыгарган жана түрк өкмөтүнүн өткөрүп берүү талабынан баш тарткан. Бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилени кыйла сууткан. Ушундай эле талап менен Эрдоган бийлиги башка Европа мамлекеттерине кайрылып, эч биринен он жооп алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM