Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эркиндик: Кыргызстан Орто Азиядагы жалгыз эркин өлкө

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 839 | 0

Freedom House адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюму эркиндик боюнча дүйнө мамлекеттеринин жаңы докладын жарыялады.

Ага ылайык, 195 мамлекеттин 86сы(44%) «Эркин», 59у (30%) «Жарым жартылай эркин» жана 50 өлкөсү (26%) «Эркин эмес» деген статус алды.

Анда өлкөдөгү сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги, этникалык азчылыктардын укуктары, мигранттардын укуктары жана саясий көз караштардын эркиндиги сыяктуу шарттар эске алынган.

Орусия, Түркия жана Кытай сыяктуу мамлекеттер мурункудан артка кетип, адам укугу катуу чектелген өлкөлөрдүн сап башына чыгышууда. Буларда мамлекеттик укук коргоо органдары башкаруучу режимдин укуругуна айланып, мыйзамды алардын кызыкчылыгына колдонуусу күчөгөнү байкалган.

Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстан «жарым жартылай эркин» деп табылган. Казакстан мурдагыдай эле «эркин эмес» статусун сактаган. Калгандары «Жамандардын да эң жаманы» деген категорияга киришкен.

Мындай көрсөткүч Түндүк Корея, Судан, Эритерия, Сирия жана Либия сыяктуу өлкөлөргө таандык. Арасынан Өзбекстанда жылыштар болуп, буга чейин эң жаман делген абалдан бир кыйла өйдөлөгөнү белгиленген.

Ал эми адам укугу корголгон, эркин мамлекеттердин сап башында Германия, Улуу Британия жана Франция сыяктуу өлкөлөр турат.  «Демократиянын атасы» делген Америка акыркы жылдары эркиндик боюнча артка кетип, Монголия, Грециялардын деңгээлине түшкөнү байкалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM