Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкек, Ош аэропортторундагы кырдаал тууралуу билдирүү таратты

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 1021 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек жана Ош аба майдандарына бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү боюнча маалымат таратты. Анда келген билдирүү жалган болуп чыкканын, эч кандай жардыргыч зат коюлбагандыгы айтылган.

Анда кабар Кыргызстандагы бир авиакомпаниянын электрондук дарегине келип түшкөнү, алдын ала божомол боюнча чет өлкөдөн жөнөтүлгөндүгү маалым болгон.

Учурда Бишкектеги “Манас” аба майданы штаттык режимде иштеп жатат. Ош аэропортунда жана андагы стратегиялык аймактарда текшерүү иштери жүрүүдө.

Улуттук коопсуздук кызматкерлер тарабынан жалган маалымат таратканды издөө иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM