Биз менен байланышыңыз

Баткен: 14 млн сомго бааланган сапатсыз жол

Коом | 5 Фев 2019 | 940 | 0

Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсү 14 млн сомго реканструкцияланып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана суу каналдары жаңы гана орнотулган. Бирок жумуш толук аяктабай жатып, тротуралар жараксыз абалга кептелүүдө. Шаар тургундары буга нараазы болууда.

Мындан төрт жыл мурда Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсүн оңдоо үчүн тендер жарыяланып, КС ишканасы утуп чыккан. Бирок өткөн жылдын декабрь айында гана асфальт төшөлүп тротуарлар салынган. Жумуш аяктабай жатып, алгачкы төшөлгөн асфальтта жаракалар пайда болуп, айрым жерлери чөгүп да кеткен. Баткен шаарынын тургуну Барчынбек Сатыбаев асфальтоо жумуштары кыш айында болгондуктан мына ушундай болду дейт.

-Азыртадан эле бузулуп башталды. Менин көргөнүм боюнча 2018-жылдын декабрь айында башталып аткан.Ошо кыштын суугуна карабай асвальт төшөлгөн. Кыштын суугу таасир бердиго дейим. Аникени аягына чейин бүтө элек мынтип бузулуп, чөгүп жатат. Сапатсыз болгону көрүнүп турат. Мен ойлойм бул жуиушуна  жоопкерчилик менен мамиле жасабагандык.

14 млн. сомго бааланган жолдун 80%ы аяктап учурда жумуш ошол боюнча токтоп турат. Бирок жол пайдаланууга берилген. Эки ай аралыгында мынтип жолдун жараксыз абалга келиши шаардыктарды чочулатып жатат.

Кытайлар салган Ош-Баткен-Исфана жолу аябай жакшы сапттуу бүткөрүлгөн. Ал эми Баткен шаарындагы жолдор өтө эле сапатсыз. Талапка жооп бербейт деп айтам.

Бул боюнча шаар бийлиги тийешелүү тармакатарга кайрылып жаткандыктарын айтат. Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов жумуш аяктаганда гана баланска өткөрүп аларын билдирди.

Бул М.Салихов көчөсү боюнча доо арыз менен Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылдык. Ошондой эле өзүбүздүн жолдорду экспулатациялоо мекемесине да мэрдин атынан кат жолдоп, кетирилген мүчүлүштүктөр боюнча өзубүздүн сунуштарыбызды билдиргенбиз.

Ал эми курулушту көзөмөлдөөчү, жолдорду экспулатациялоо мекемесинин башкы инженери Ырысбай Жалилов, тендерди уткан компанияны күнөөлөп, жараксыз тротуарларды алар өз караждатынан оңдоп берет деп ишендирүүдө.

-Аба-ырайына байланыштуу жол бузулуп жатат. Бул боюнча келишимдин негизинде бузулган жерлерин өздөрүнүн каражатынын эсебинде бүткөрүп беришет.

Эскерте кетсек, аталган көчөнүн 500 метрине жана 400 метр тротуарга асфальт төшөлгөн. Бул шаардын инфраструктурасын көтөрүүгө максатталган. Бирок жол максатына жеткен жок. Акча убагында которулбай, аба ырайы суук мезгилинде иш башталып, сапатсыз жолдор курулууда дешет адистер. Мындан улам тендерден утуп, жумушту аткарып жаткан ишканага кайрылдык. Бирок алар менен байланышууга мүмкүндүк болбоду.

Copyright © 2017 Maral FM