Биз менен байланышыңыз

Тоо-кен: Лицензия чыры жетекчилерди кызматтан алды

Саясат | 5 Фев 2019 | 871 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту. Өкмөт башчы аталган жетекчилерге тоо кен, өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган бир катар милдеттерди койгон болчу. Бирок иш жүзүндө милдеттер аткарылбагандыктан чара көрүүгө туура келген.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кен байлыктарды иштетүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында болгон тоо кен тармагына айтылган сындар тууралуу эскертти. Анын айтымында, кен байлыктарды пайдалануу боюнча тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер дагы күнөөлүү.

Эмил Осмонбетовго тоо кен өнөр-жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга, инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган. Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар.

Буга байланыштуу Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

Премьер-министр кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды.

-Мындай коррупцияга баткан аткаминерлердин айынан коомдо бийликтин дарегине нааразычылык айтылып жатат. Инвестициялык климат жабыр тартууда. Уруксат кагаздарын берүү процедураларын жана инвесторлор менен иштөөнү өзгөртүү зарыл. Инвесторлорго мамлекеттик мамиле жана мамлекеттик колдоо сакталышы керек. Буга байланыштуу лицензия берүүнүн негизги жоболоруна сынактык жана аукциондук кен байлык объекттерине мамлекеттин милдеттүү үлүшүн караган ченемдер киргизилет. Ийгиликтүү жана натыйжалуу иштерди камсыздоо үчүн ар бир тоо кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болушу керек. Бул тоо кен тармагына капитал салган инвесторлор үчүн кепилдик болуп саналат, ошондой эле жергиликтүү калктын инвесторлор менен болгон мамилесин турукташтырат.

Ушундай эле талап Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы менен Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  жетекчилигине да коюлду.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө кен иштетүүгө берилген лицензиялар ири бизнеске айланды деп катуу сындаган болчу. Ошол отурумда өлкө башчысы тоо кен тармагы коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын билдирген.

Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Жолун тапкандар коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен  же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат. Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну  тапшырдым. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда. Ою түз инвесторлорду коргогондун ордуна башка максатты көздөгөндөр колдоо таап кетип жатат. Мага бир эле адам 41 «алтын» лицензия алганы тууралуу маалымат түштү. Бул Жер байлыгын пайдалануу агенттигинде коррупция бар экенин көрсөтөт.

Кыргызстанда бир киши эки жыл ичинде алтын кендерин иштетүү үчүн 41 лицензия алган. Бул боюнча схеманы Башкы Прокуратура жарыялады. Лицензия берилген кендердин жалпы аянты 400 миң гектарды түзөт. Анын баарына бир гана Э.Жумаев аттуу адам ээлик кылып келет. Эң кызыгы бул кишинин тоо кен тармагына эч кандай тиешеси жок, өмүр бою ички иштер органдарында эмгектенген. Кенге эн көп лицензия Дүйшөнбек Зилалиев геология комитетин жетектеп турган маалда берилгени айтылган. Бул ишке байланыштуу учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жогоруда аталаган статистика коомчулукту да таң калтырды. Адисттер лицензиялар мыйзамдуу эле берилгенин белгилешет.

Кен казуу боюнча эксперт Кубан Ашыркуловдун пикиринде, тоо кен тармагы боюнча мыйзамдар өзгөргөн. Ага ылайык, бир адам кен казуу боюнча көп лицензияга ээ боло алат. Демек, лицензия берүүдө мыйзам бузуу болгон жок. Ошондуктан мыйзамдарды өзгөртүү керек.

-Азыр лицензияны конкурс аркылуу алганга мүмкүнчүлүк бар. Мурун болсо андай жолдор жок болуп, түзмө-түз сүйлөшүүлөр менен жүргүзүлчү. Демек, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканда кадимкидей эле коррупциялык жолдор менен лицензиялар алынчу. Баасы 300 сом болчу. Ошол жерден лицензияны мамлекет кимге берээрин өзү чечет. Мында коррупциялык механизмдер бар.

ЖИА Бизнесс Ассоциациясынын төрагасы тоо кен тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Темирбек Ажыкулов аталган тармактагы коррупция азыр эле пайда болуп калбагандыгын айтып, кендерди иштетүү багытында жалпы стратегиялык саясат жок экенин кошумчалады.

-Тоо кен тармагын өнкүтүрүү стратегиясынын алкагында тапшырмалар берилсе. Бизде саясий нукка бурулуп жатат. Лицензияны берүүнү кайра башынан карап чыгуунун зыяны жок. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылга карата Кыргызстанда 46 ири алтын запасы бар кендер аныкталган. Алардагы жалпы алтындын запасы 666 тоннаны түзөт. Ал эми кен тармагында жалпысынан 2 571 лицензия берилген.

Copyright © 2017 Maral FM