Connect with us

Өкмөттүн насыя долбоору өндүрүштү өнүктүрөбү?

Экономика | 5 Фев 2019 | 1740 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо — 7» долбоору ишке ашырыла баштады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Долбоордун алкагында быйыл да жазгы талаа жумуштарына, мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү багыттарына насыя берилет. 

Айыл чарба тармагын каржылоо боюнча кезектеги долбоор ишин баштады. Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо — 7» долбоору аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүн, сүт, эт азыктарын каржылаш үчүн жана кайра иштетүү тармагына насыя 6% үстөк өлчөмүндө белгиленген. Ал эми 8% үстөгү бар насыялар бак өстүрүүчүлөргө, күнөсканаларга жана башка чарбаларга берилет. 10% үстөгү менен насыялар мал чарбачылыгына өсүмдүк өстүрүүгө каралган. Ага 5 млрд сомдон ашык каражат каралмакчы. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, насыя жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын өстүрүүгө, продукцияны иштетүүнү өнүктүрүүгө берилет.

-Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашпайт. Ушуну менен катар эле бак өстүрүүчүлүккө, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет. Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Бул жылы мал чарбасы менен алектеген фермерлерге насыя көп өлчөмдө каралган. Долбоордун алкагында бир фермер 3 млн сомго чейин насыя ала алат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткан субъекттер 10 млн сомго чейин алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Нарын облусундагы фермер Арстан Кадыров өкмөт берген насыяны буга чейин алып иштеткен. Ал башка насыяларга караганда арзан экенин билдирди. Ошону менен бирге фермер кайра иштетүү тармагына насыяны көбүрөөк бөлүү керек деген пикирде.

-Мал чарбачылыгына деп 440 миң алып көргөнмүн. Өсүмдүк өстүрүүгө да алганмын. Эки тармактын насыя алууда айырмачылыгы көп. Кыргызстанда мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Аталган чарбага насыя алуу жеңил, себеби документтерди азыраак сурайт. Он пайыздык үстөгү менен берет. Банктардын насыяларына караганда арзан. Мындан арзаныраак болсо да жакшы болот эле. Мал чарбасынан да кайра иштетүү тармагына насыяны көбүрөөк бөлүгүн берсе, бизде өндүрүш өнүгүп кетмек.

Деген менен өкмөт берген жеңилдетилген насыядан такыр ала албай келген дыйкандар четинен кезигет. Алардын бири дыйкан Кылыч Осмонов картошка өстүрүүгө арзан насыя алууга жылда арыз жазат. Тилекке каршы кезеги жеткиче дайыма каражат түгөнүп калаарын билдирди. Мындан улам насыянын көлөмүн көбөйтүүнү суранат.

-Банктарга барып кезек жетпей эле насыя ала албай калабыз. Дайыма жетпей калганын түшүнбөймүн. Каражат түгөндү деп 33 пайыздык насыяларда алгыла деп сунуштап калышат. Бирок албайбыз. Айыл чарбачылыктын аянттын көбөйтпөй тескерсинче азайып эле жатат. Кээ бир адамдар насыяны айыл чарбасына деп алып башка ишке жумшап жиберет.

Насыя беш банк аркылуу берилет. Алар «Айыл Банк», «РСК Банк», KICB, «Бакай Банк» жана «Кыргызстан» банктары. Арзан кредит алууну каалаган дыйкандар ушул банктардын жер-жерлердеги кеңселерине кайрылып, тиешелүү документтерин тапшырышса болот.

Адистер насыяны муктаж болгон чыныгы дыйкандар албай эле тааныш-билиши барларга берилип жатат деп сындашат. Өлкөдө 400 миңден ашык дыйкан болсо анын 15 миңи эле долбоордун алкагында насыя алат. Айыл чарба адиси Манас Саматовдун айтымында, өкмөт дыйкан, фермерлер менен түздөн-түз иштешүүнү билбей жатат. Өкмөт арзан насыя менен коммерциялык банктарды каржылоодо.

-Насыя алуу үчүн менчик банктарга барганда кардарды жети атасына чейин сураштырып, акчаны алуу кыйын болууда. Бул кезектеги көз боемочулук. Өкмөт өзүнүн ыктыярындагы каржы булагын натыйжалуу пайдалана албай келе жатат. Дыйканга чыныгы жардам бере турган башка формула керек. Күрөө койгула деп шарт коюуда. Айылда күрөө жок.

Эске салсак, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан башталган. Былтыр “Айыл чарбасын каржылоо — 6” долбоорунун алкагында дыйкандар менен фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM