Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эл аралык каржы донорлорунан каражат алат

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 488 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү долбооруна макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов макулдашуу долбоорунан алынган каражатка Түп-Кеген автожолунда жайгашкан «Каркыра» туристтик базасына чейинки 15 чакырым жол курула турганын билдирди. Ошондой эле каражаттын калган бөлүгү Жарандык авиация агенттигинин ишин жандандырууга жана Ысык-Көлдөгү 5 туристтик базанын курулушуна жумшалмакчы.

Макулдашуу долбоорунда 55 млн. доллар каралган. Анын жарымы 0,75 пайыз менен жеӊилдетилген насыя катары 18 жылдык мөөнөткө берилип, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM