Биз менен байланышыңыз

Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 598 | 0

Бүгүн, 5-февраль Президент Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM