Биз менен байланышыңыз

«Президент да, өкмөт башчы да татыктуу кадрларды тарта албай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2019 | 644 | 0

«Мен көп эле жолу өзүмдү парламенттен көргүм келди. Жогорку Кеңешке келишиме балким каражат тартыш болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк юристтерди жактыра бербейт.» Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

«Мен сыяктуу жакпай калган адамдар көп. Өлкө үчүн иштеп берүүгө даярмын, алган билимди кайра берүү зарыл. Бирок өз алдымча партия түптөөгө мүмкүнчүлүгүм  жетпейт, каалоом да жок. Учурда кайсы бир партияга карата ыктаган да жокмун. Бийликтин партиясы тандаган кадрларды көрүп жатабыз. Алар кетирген кемчилик үчүн өкмөт, партиялар жооп бериши керек. Жердин үстүндө калкып жаткан кылмыштарды жөнөкөй эл жасаган жок», — дейт Арабаев.

Анын пикиринде, өлкөдө кадрдык кризис жок. Президент да, өкмөт башчы да татыктуу кадрларды мамлекеттик кызматка алып келе албайт жатат. Эң жогорку кызматтарды Жогорку Кеңештеги фракциялар бөлүп алган.

Copyright © 2017 Maral FM