Биз менен байланышыңыз

Депутаттар сууну товар катары сатуу долбоорун колдошту

Экономика | 4 Фев 2019 | 971 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорду 3-окууда кабыл алды. Бул документ сууну коромжосуз пайдалануу максатында кабыл алынып жатканы кабарланды.  Анда долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акыны белгилөө жана алуу тартиби каралган. 

Кыргызстанда сууну товар катары сатуу 28 жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок иш жүзүнө ашпай келгенин эксперттер кыргыз бийлигинин саясий эрки жетпегендигинен деп айтып келишет.

Өкмөт сууну товар катары сатуу үчүн Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.  Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 3-окууда каралды.

Комитет жыйынында мыйзам долбоору боюнча айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Суу чарба департаментинин өкүлдөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Керималиевдин айтымында, мыйзам долбоору аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби киргизилет. Ал өкмөт аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

-Сууну сатууда кээ бир компаниялардан жакшы акча түшөт экен. Болжолдуу карап көрдүк. Бул демилге 28 жылга кечигип калды. Канчалык кыйын болсо да ошол демилгени азыр сунуштап жатабыз. Депутаттар колдоп берүүдө. Эгерде мыйзам кабыл алынып калса эсептеп чыгабыз. Кумтөр келишим боюнча колдонгон сууга акы төлөбөйт. Мыйзам иштеп калганда Кумтөрдөн 100 миң долларга жакын каражат түшөт экен.

Ошондой эле бак-дарак тилкелери бар жарандарга жана багбанчылык кылгандарга суу өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат.

Мындан сырткары, сууну пайдалануу үчүн айрым учурларда акы төлөөдөн бошотулмакчы. Алар: сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда, балык өстүрүүдө, калктын ичүүсү жана керектөөлөрү үчүн суу алууда, спорт, эс алуу жана туризм.

Суу боюнча 2 төлөм болмокчу. Бири — суу ресурсуна болгон төлөм, экинчиси – суу жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм. Тагыраак айтканда, суу өнөр жай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.

Депутат Алмазбек Акматов демилгени колдоо керектигин белгилеп, мындай практика башка өлкөлөрдө жакшы өнүккөнүн айтты.

-Мен бул мыйзамды колдоймун. Бул мыйзам мурунтан келиши керек эле. Азыр кечирээк сунушталууда. Ушул мыйзам күчүнө кирсе болжолдуу канча акча бюджетке түшөт? Сууга акы төлөш керек. Баардык өлкөдө сууга акы төлөшөт. Бизде ишканалар сууну бекер алышат.

Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев мыйзам долбоору кыска эле убакытта кабыл алынып жатканын сындады. Ошону менен бирге балык чарбасы, эс алуу жана туризмге сууну бекер берүүгө каршы болду.

-Кумтөр маселеси көтөрүлүп жүргөндө сууну сатуу боюнча мыйзамды неге кабыл албадык? Азыр эки жумада эле кабыл алып жатабыз. 35-берене боюнча өзүмдүн оюмду айтайын. Айыл жеринде, калктуу пунктарда жана бак тилкелери бар жарандарга, жамааттык бирикмелерге өкмөт аныктаган тартипте суу бөлүнөт дейт. Муну түшүнбөдүм. Эмне муктаждык менен төлөмдөн бошотууга кошулуп жатат.  

Кыргызстан суу байлыгын пайдалануу саясатын өзгөртүүгө милдеттүү экенин эксперттер билдиришет. Анткени Кыргызстан суу башында турганы менен сууну экономикага зыян келтиргендей пайдаланып жатат. Сууну сатуу жана келген зыян үчүн акы алуу маселеси боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров өкмөт коңшу өлкөлөр менен кантип сүйлөшүүлөргө барарына кызыкты.

-Кошуна мамлекеттер менен мындан ары суу багытындагы мамилелер кандай болот? Өзүбүздүн чарба субъектерине кошумча кыйынчылыктарды берип жатабыз. Ал эми мамлекеттен сырткары кетип жаткан сууларды кандай кылабыз? Өкмөттүн бул боюнча саясаты кандай? Кошуналар менен сүйлөшкөнгө бир багыт болушу керек. Башка мамлекеттердин ыкмаларын өкмөт үйрөнүшү зарыл. Мисалы, АКШ менен Мексиканын ортосундагы дарыяларда кандай кылып акы төлөп, иштетип жатканы тууралуу депутаттары маселени көтөрүп чыккан. Өкмөт коңшу мамлекеттер менен тең ата болуп сүйлөшүүсү керек.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Буга чейин сууну сатуу демилгеси туңгуч президент Аскар Акаевдин убагында көтөрүлүп, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген. Бирок өкмөт коңшу өлкө Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай мыйзам аткарылбай калган. Бул тууралуу академик Жамин Акималиев билдирди.

Анын айтымында, сууну товар катары сатууну киргизүү азыр деле кеч эмес. Кыргызстанда суунун 80 пайызы коңшу өлкөлөргө чыгып кетет. Буга бир дагы тыйын алынбай келет.

-Эл аралык тартип боюнча сууну саткан өлкөлөр көп. Ошондуктан бул маселени эл аралык деңгээлде коюп, коңшулар менен сүйлөшүп, сууну саталы. Эгерде сууну сатсак, суу чарбасын алдыга алып кетүүгө толук мүмкүнчлүк бар. Өлкөнүн ичинде дыйкандар сууга акы төлөп алышууда. Анан мага кээ бир мекемелерди суу акысын төлөөдөн бошотуусу жаккан жок.

Кыргызстан сууга бай өлкө. Республиканын жалпы территориясынын 80 пайыздан ашыгын тоолор түзөт. Ак кар, көк муз тоолордон куралган 35 миң майда жана чоң дарыялардан жылына 51 млрд. кубометр таза суу өрөөндөргө агып келет. Ошондой эле Кыргызстан таза суунун запасы боюнча дүйнөдөгү ири мамлекеттердин катарына кирет. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө алдыңкы орунда.

Copyright © 2017 Maral FM