Биз менен байланышыңыз

Сот шаардык кеңештин депутатынын мандатын алган чечимди жокко чыгарды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 509 | 0

Бишкек райондор аралык соту шаардык кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатынан ажыратуу боюнча чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

26-декабрда БШК шаардык кеңештин депутаты Коргонбай уулунун кош жарандуулугу болгону себептүү аймактык шайлоо комиссиясынын мандатынан ажыратуу боюнча чечимин күчүндө калтырган.

Депутат бул чечим менен макул болбой, сотко арыз менен кайрылган. Райондор аралык сот ишти анын пайдасына чечкен. Ошол себептүү БШК бүгүн, 4-февралда Жогорку Сотко кайрыла тургандыгын маалымдашты.

Эске салсак, «Республика-Ата Журт» партиясынан шайланып барган шаардык кеңештин депутатынын Орусия жарандыгы бар экени маалым болуп, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыратуу чечимин өткөн жылдын 19-декабрында чыгарган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM