Биз менен байланышыңыз

Жоголгон футболчунун учагынын сыныктары табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 904 | 0

Франция менен Улуу Британиянын ортосундагы Ла Манш кысыгында дайынсыз жоголгон футболчу Эмилиано Саланы алып бараткан учактын сыныктары табылды. Бул тууралуу англиялык аба кырсыктарын изилдөө тобу жарыялады.

Аргентиналык футболчу өзүнүн спорттук карьерасынын дээрлик барын Францияда өткөргөн. Кырсык болгондон бир күн мурда ал франциялык «Нанта» клубунан Англиянын «Кардифф сити» командасына өтүү боюнча келишимге кол койгон болчу.

Клубдун ээсинин жеке менчик кичи учагы менен Англияга бараткан жолдо учак аварияга туш болгон. Абага көтөрүлгөнүнө жарым саат өтпөй учак жергиликтүү аба майданынан конууга уруксат сураган бойдон дайынсыз кеткен.

Учакты издөөгө он күндөн ашык убакыт жумшалды. Өткөн аптада Ла Манштын Франция жээгинен учакка тиешелүү эки жаздык табылган соң издөө тобу учактын сыныктарынын ордун белгилешкен.

Эске салсак, Эмилиано Сала «Нанти» клубунун мыкты оюнчусу болчу. Анын трансфери команданын тарыхындагы эң кымбат 15 млн долларга бааланган.

Copyright © 2017 Maral FM