Биз менен байланышыңыз

Тил табышууну үйрөткөн китептер

Блог | 5 Фев 2019 | 2807 | 0

Биз сүйлөшүп жаткан адамдар дайыма эле токтоо, жол берүүчү жана айтылган сөздү тез эле түшүнүп калуучулардан боло бербейт. Байланыш искусствосун өз алдынча үйрөнүү оор деле эмес. Бул үчүн сүйлөшүүнү жеңилдетүүгө арналып жазылган китептерди окуу керек. Мындай китептер убакыттын сыноосунан өткөн. Сүйлөшүүгө арналган чыгармалар башка жанрлардын арасынан жоголуп кетпестен, тескерисинче дүйнөлүк бестселлерлерге айланышты. Окуучулар өздөрүнүн конкреттүү кайсы бир көйгөйүнө жараша тигил же бул чыгарманы тандап алышат. Бирок кайсы гана китеп болбосун, жашоодо жардам берүүчү кандайлыр бир маалыматты алууга болот.

Ли Лефевер «Түшүндүрүү искусствосу» («Искусство объяснять»)

Пикир алышуу учурунда кабыл алуучу адамга эмне жөнүндө ойлоп жаткандыгын айтууга туура келет. Чынында, бул жөнөкөй иш эмес. Ли Лефевердин китеби өз оюн аны угуп жаткан адамдарга кантип жеткиликтүү кылып түшүндүрүүнү айтат. Автор түшүндүрүү терминине аныктама берет. Бул адабий чыгармадагы кеңештер адамдарды кайсы бир көйгөйгө көңүл бурдуруп кызыктырганга; жөнөкөй эле пикир алышууда өз оюн кантип туура жеткирүү керектигине жардам берет.

Жеймс Борг «Пикир алышуунун сырлары. Сөздүн сыйкыры» («Секреты общения. Магия слов»)

Жумушта, бизнесте, чоң эмес дискуссияда сөздөрдү туура колдонуу менен ийгиликке жетсе болот. Күнүмдүк эле фразалардын жардамы менен чыныгы кереметти жарата алабыз. Ал үчүн сизди угуп жаткан адамга сыйкырдуу таасир бере тургандай сөздөрдү билүү зарыл. Бул китепте автор өз оюңду кантип туура туюндуруу, ошондой эле пайдасыз сүйлөшүүдөн маңыздуу диалогго оңтойсуз өтүү керектигин айтып берет.

Брайан Тритси, Рон Арден «Сүйкүмдүүлүктүн күчү» («Сила обаяния»)

Бул пикир алышуу боюнча эң пайдалуу китеп. Анда ар кандай чөйрөдөгү адамдар менен карым-катыш түзүү боюнча кеңештер жазылган. Сүйлөшүүнү жеңилдетүү, бат тил табышуу жөнүндө жазылган буо китептин авторлору эң негизгиси сүйкүмдүү жана кичи пейил болуу керектигине басым кылышкан. Адамдарга жагуу жөндөмдүүлүгү ич ара пикир алышууга таасирин тийгизбей койбойт. Ички сулуулукка, сүйкүмдүүлүккө бай адамдар кайсы гана эшик болбосун кирип кете алышат. Алар айланадагылардын ишеничине бат киришет да, жакшы жыйынтыкка жетишет.

Марк Роудз «Бардыгы менен кантип тил табыша алса болот» («Как разговоривать с кем угодно»)

Бул китепте тааныш эмес адамдар менен сүйлөшүүдө коркуу сезимин кандайча кандайча жеңүүгө болору жөнүндө баяндалат. Автор чечкинсиздик сапатын жоготууга кеңеш берет. Башкалардын оюнан коркпоого, айтылган сындарды токтоолук менен кабыл алууну үйрөтөт. Жазуучунун ою боюнча сүйлөшүүнүн башында эле канлай жыйынтык чыгарын аныктоого болот. Сүйлөшүү учурунда каршылашыңдагы адамдын эмоционалдык абалына маани берүү керек. Бат-баттан жана сени угуп жаткан адамдарга түшүнүксүз сөздөр менен сүйлөөнүн кажети жок.

Гэвин Кеннеди «Бир пикирге келүүгө мүмкүн» («Договориться можно обо всем»)

Бул чыгармада сүйлөшүү процессинин эң маанилүү принциптери айтылат. Пикир алышууда сиз күткөн жыйынтыкка сизди угуп жаткан адамдын куулугун убагында түшүнүү аркылуу жетесиз. Бул китеп дайыма сүйлөшүүдө жүрүүчү адамдарга арналып жазылган. Китептин бөлүмдөрүн окуп бүткөндөн кийин, окуучулар андагы тесттен өтө алышат. Ал аркылуу берилген кеңештерди туура кабыл алгандыгын жана аларды жашоосунда колдоно билишкендигин текшере алышат.

Copyright © 2017 Maral FM