Биз менен байланышыңыз

Корчубек Акназаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 498 | 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Коштошуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана күч структураларынын жетекчилери, маркумдун туугандары жана жакындары катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Акназаровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берерин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM