Биз менен байланышыңыз

Тартип комиссиясы сотторго калыс карабайт

Саясат | 1 Фев 2019 | 233 | 0

Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы түзүлгөндөн бери 1700дөй арыз келип түштү.

2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын октябрына чейин Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына судьяларга нааразычылыгын бирдирген 1700дөй арыз келип түшкөн.

Анын ичинен 400гө жакыны учурда каралып жатат. 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, анын жыйынтыгында 74 сотко карата тартип жазасы колдонулган.

Алардын ичинен 44 судьяга алдын ала эскертүү, 17 судьяга эскертүү, сегиз судьяга сөгүш берилип, беш судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Бирок комиссияга келип түшкөн арыздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайганын Тартип комиссиянын төрайымы Кымбат Архарова айтты.

2017-жылга 2018-жылды салыштырсак, сотторго карата арыз даттануулар азыраак түшүп баштады. Буга кошумча келип түшкөн сунуштардын көлөмү дагы кыскарды. Анткени биз тараптан судья тууралуу чечимибизди майдалап, ар биринин кыймыл аракеттерине чейин түшүндүрүп берип жатабыз.

А бирок сотторго карата 1700 арыздын келип жатканы, фемида өкүлдөрүнө карата элдин ишеними жоктугунан кабар берет. Бул көрсөткүч сот тармагында чоң маселе бардыгынын далили экенин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев билдирет.

Комиссияга жазылган арыздардын баары эле чындык деп кабыл албашыбыз керек. Ошондуктан комиссия ар бир арызды дыкат карап чыгуусу керек. Кайсынысы далил, кайсынысы жалган экенин коомго ачыктап берүүгө тийиш. Бирок 1700 арыз — бул жамандыктын белгиси. Демек эл соттордун чечимдерине ишенбей нааразычылыктарын билдирип жатат. Бул сот системасында чоң маселе бар. Ал бир гана тартип комиссиясында эмес, ошол эле мыйзамдарда дагы бар.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Тартип комиссиясынын» сапатына көңүл бурууга чакырат. Бирден-бир себебин комиссия тараптан сотторго карата тандалма мамиле болуп жатат деди.

Арыздар келгени — жакшы нерсе. Бирок ошол арыздар канчалык сапаттуу каралып канааттандырылып жатат? Атайын изилдөөлөрдү дагы жүргүзгөнбүз. Бул жерде бир түрдүү практика жок. Бир эле кылынган иш-аракетке кээ бир сотторду жоопкерчиликтен бошотуп жатат дагы, башкаларына сөгүш же кандайдыр бир чара колдонулуп калууда.  

Мунун себебин укук коргоочу Рита Карасартова Тартип комиссиянын курамынан көрөт. Азыркы учурда анын үчтөн бир бөлүгүн президенттин, экиден бирин парламенттин калган бир бөлүгү соттордон түзүлгөн. Бул натыйжалуу жыйынттыктарга алып келбейт. Ошондуктан курамын өзгөртүү сунушун берет.

Дүйнөлүк практикада Соттор кеңеши өз алдынча орган болушу керек. Бирок тартип комиссиясынын жарымынан көбү соттор болуш керек. Анткен менен жалпы курамдын 45 пайызы жарандык коомдук өкүлдөрү болууга тийиш. Бирок эң акыркы чечимди соттор кеңеши чыгарып, өздөрүн өздөрү тазаласын деген принцип бар. Ошондуктан эгерде жарандык коомдон өкүлдөр болсо, бул комиссияга элдин ишеними артат эле.

Эскерте кетсек, күчүнө кирген жаңы конституцияга ылайык Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы 2017-жылдын аягында түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM