Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаевдин иши депутаттарды канааттандырган жок

Саясат | 1 Фев 2019 | 1046 | 0

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында жарытылуу реформа жүргүзүлбөй жатат. Мындай бүтүмдү Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясы чыгарды. Депутаттар Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин 8 айдан бери жасаган жумушу көрүнбөй жатат деп сынга алды.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маселе каралды. Бул боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев баяндама жасашты.

Чолпонбаев министр болуп келген 8 ай аралыгында жасалган иштер, бул тармактын азыркы абалына токтолду. Анын маалыматында, өлкөнүн ар бир облусунда чоң оорукана курулат. 2023-жылга чейин бул тармак электрондоштурулат.

-Бүгүнкү күндө биздин ооруканаларда, башка мекемелерлерибизде ойдогудай финансылык менеджмент жүрө элек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда 50 пайыз дарыгер жетишпейт. Ушундан улам ооруканаларда кезекке тургандардын саны көп болууда. Бул жактын абалы начар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканаларына акыркы 5 жылда көп көңүл бурабыз. Дарыгерлердин маянасын классикалык түрдө дебей иштеген жумушуна жараша каржыланат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова саламаттыкты сактоо тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу үчүн аткарылып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берди. Ошону менен бирге өлкөдө 2018-жылы эне-баланын өлүмү кыскарганын жана калк арасында кургак учук менен ооругандардын саны төмөндөгөнүн кабарлады.

-Бишкекте кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушу аяктап, жогорку технологиялык медициналык жабдуулардан башка баардык зарыл болгон техникалар алынып келинди. Азыркы учурда бул оорукана боюнча макулдашууну ратификациялоо жол-жоболору аткарылууда. Кытайдын грантынын эсебинен Ош шаарында 150 орундуу оорукананын курулушу аяктап, март айында ачылышы пландалган. Кувейт-араб экономикалык фондунун эсебинен улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу боюнча архитектуралык долбоорлочу компанияны тандап алуу максатында тендердик процесс жүрүүдө.

Жогорудагы баяндамалардан кийин министр Космосбек Чолпонбаевдин иши сынга алынды. Фракция мүчөлөрү министрдин эч бир жасаган иши жок, аны эл кымбат баалуу унаа сатып алганы менен гана эстейт деп сындады.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев электрондук саламаттыкты сактоо тутумун киргизүү боюнча долбоор канча жылдан бери ишке ашпай келе жатканын билдирди.

-Тармактык министрликтин бул долбоор боюнча үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралар планы жок. Бюджетте эсепке алынбаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы күнүмдүк эле иштер менен алектенип жатат.

Ал эми фракция лидери Жыргалбек Турускулов саламаттыкты сактоо системасында жарытылуу реформа жүрбөй, олуттуу өзгөрүүлөр болбой жаткандыгын баса белгиледи. Өлкө эгемендик алгандан тарта элдин саны дагы 2 миллионго көбөйгөндүгүн, ошол эле маалда медициналык мемелердин саны өзгөрүүсүз калгандыгына токтолду.

Мисалы, эгер 2016-жылы республика боюнча 181 оорукана болсо, 2017-жылы 184кө жеткен. Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун саны мурдагыдай эле 148. Койка-орундардын саны тескерисинче кыскартылган. Медициналык персоналдардын жетишсиздиги (4267 адис), айрыкча, аймактарда көйгөй бойдон калууда. Медицина кызматкерлеринин жарыбаган айлык акысына жаш адистер келбейт. Врачтардын орточо эмгек акысы – 18-25 миӊ сом, орто персоналдардыкы – 8-10 миӊ сом, кичи персоналдардыкы – 6-7 миӊ сом.

Мындай сын-пикирлерден улам айрым эл өкүлдөрү өкмөттүн ишин артка тарткан бул министрликтин башчысына карата чара көрүүнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага сунушташты.

Деген менен депутаттардын пикирне кошул бербегендер бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев жаңы министр мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп жатат деди. Анын айтымында, депутаттар Чолпонбаевдин кызматтан кетирүүнү көздөөдө. Ошондон улам анын ишинен кемчиликтерди издөөдө.

-Депутаттар бюджетти караганда толук талкуулашпайт. Кабыл алынып иштей баштаганда кемчиликтерди көрүп айта башташат. Мында эл өкүлдөрүнүн да күнөөсү бар. Бюджеттин көбөйтүп беришсин. Анан жумуш алдыга жылат.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев ар биринин наркы 82 миң долларга барабар эки жол тандабас сатып алышканы белгилүү болду. Бул коомчулуктун сын-пикирине кабылып, жетекчилердин дарегине ар кандай сөздөр айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM