Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 237 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Коом | 31 Янв 2019 | 914 | 0

Баткен районунун Достук айылында 5 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Аталган аймак 2012-жылы катуу келген селден улам ӨКМ тарабынан кооптуу деп  абылган. Бирок 6 жылдан  бери жашоочулар кооптуу аймактан көчүшкө эмес. Кооптуу аймактын жашоочулары башка аймакка көчүүнүн ордуна сел өтүүчү өтмөктөрдү куруп берүүнү сунуштап келишет.

Багынса  Касымова, кооптуу аймакта жайгашкан үйлөрдүн биринде жашайт. 2012-жылы селден бир топ материалдык зыян таркандыктан жаан жааса эле тынчсыздана баштайт.

-Сел келип жаан жааган учурда коркуп, кооптонуп турабыз. Чуркап арыктарды бекитип, сел тосмону бекемдейбиз. Ошентип сууну короого киргизбөөнүн аракетин көрөбүз.

Кооптуу аймакта үй-жайын түптөп жашап калган Максат Ражапов башка  аймакка жер которууну такыр каалабайт. Анткени башка жерге там салуу үчун да чоң  суммадагы акча керек. Ал үчүн мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан кооптуу аймакка сел өтүүчү өтмөк куруп беришсе дейт.

Биздин көчкөнгө шартыбыз жок. Андан көрө бизге сел ара куруп берсе коркунуч азаят. Бул жердегилер көчкүлөрү келбейт. Анткени үй-жайды түптөө үчүн көп чыгым коротконбуз. Мамлекет бере турган 200 миң сом  үйдүн пайдубалы үчүн да аз.

Баткен районун акиминин биринчи орун басары Таалай Ибраимовдун айтымында, Достук айылындагы 5 үй-бүлөнүн турагы боюнча 2012-жылы эле комиссия түзүлүп, иликтөө   иштери  жүргүзүлгөн. Селден улам зыян тарткан төрт үй-бүлөгө мамлекет тарабынан кайтарымсыз 50 миң сом өлчөмүндөгү ссуда берилген.

-Мамлекет тарабынан берилүүчү ссуданын 2 түрү бар. 50 миң сомдук жана 200 миң сомдук. 50 миң сомдук бул бузулган жерлерди калыбына келтирүү үчүн. Ал эми 200 миң сомдук болсо аны алгандан кийин биротоло башка жакка көчүүсү керек. Ал үчүн жергиликтүү бийлик да жер менен камсыз кылуусу керек. 2012-жылы селден жабыркаган 5 үй-бүлөнүн төртөөнө бир жолу берилүүчү сертификат берилген.

Ал эми айыл башчысы Тургунбай Нишанбаев 5 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча жер маселеси чечилгенин айтып, бирок кооптуу аймактын жашоочулары өздөрү көчпөй жатат дейт.

Кызыл-Бел айылынан жер даярдап көчүүлөрүн өтүндүк. Бирок алар ата-бабаларынын жеринен кетпей турганын айтып, көчпөй коюшту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен райондук бөлүм башчысы Туратбек Турдуевдин айтымында, ал жерге дамбаны куруунун зарылчылыгы жок. Жашоочулар милдеттүү түрдө  тез арада көчүрүлүүсү шарт. Жаз айларынын келиши менен туруксуз аба-ырайынан жаан-чачын көп жаап, сел жүрүү коркунучу көп. Өзгөчө мындай кооптуу аймактагы үйлөрдүн ээлерине бир гана материалдык чыгым алып келбестен, алардын өмүрү да коркунучтуу экенин эскертти.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 237 үй-бүлө кооптуу аймакта жашагандыктан көчүүгө муктаж.

Copyright © 2017 Maral FM