Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев жылуулукту үзүлтүксүз берүүнү тапшырды

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 475 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү. Анда күтүлүп жактан аба-ырайынын шарттарын эске алуу менен республиканын негизги энергетикалык объекттеринин учурдагы иши тууралуу маалымат берилди.

Абылгазиев Бишкек ЖЭБдеги профилактикалык иштердин жана борбордун айрым бөлүктөрүндө жылуулуктун азайышына алып келген бузулууларды жоюуну тапшырды.

Ошондой эле жылуулук түйүндөрүндөгү ар кыл тобокелдиктерди азайтуу үчүн алдын алуу чаралары туруктуу жүргүзүүлүсү зарылдыгын айтты.

Энергетика тармагынын жетекчилерине энергетикалык объектилерди отун менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоо, электр станцияларындагы жабдуулардын бузулбай иштөөсүн тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM