Биз менен байланышыңыз

Былтыр милиция кызматкерлерине 67 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 523 | 0

2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 83 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчлигине тартылган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.  Былтыр жалпы 5 миң 811 милиция кызматкери кызматтык тартип жана мыйзам бузгандыгы үчүн жоопко тартылган. Анын ичинен 155и иштен алынып, 263 милиционер ээлеп турган кызматынан бошотулган.

Ошондой эле ИИМ пара алган, кылмышты жашырган, милиция формасын жамынып алып орой мамиле кылган, коррупциялык иштерге барган кызматкерлерден арылуу иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Эске салсак, ушул аптада милиция кызматкери катышкан жол кырсыгынан окуучу каза болду. Ага чейин милиция кызматкери автоунаасы менен 29 жаштагы аялды коюп кеткен. 30-январда Чүйдө кыз зордуктоого шектелип дагы бир милиция кызматкери камалды.

Copyright © 2017 Maral FM