Биз менен байланышыңыз

Мискенбаев бир жумадан бери сурак берүүдө

Саясат | 30 Янв 2019 | 863 | 0

«Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчилери материалдык жардам катары берилген каражатты тартып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, мекемеге 2018-жылы «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кайрылган. Алар Мээрбек Мискенбаев бирикмеге социалдык жардам катары бөлүнгөн акча каражатты мыйзамсыз тартып алганын билдиришип, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Чогултулган материалдарга ылайык, бирикменин жетекчиси жана анын орун басары 2 миллион сомдон ашык акчаны өздөрү тартып алганы аныкталган.

Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Ал эми парламенттин мурунку депутаты Мискенбаев өзүнө карата коюлуп жаткан айыпты четке кагып, саясий кызыкчылык катары баалап жатат.

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Мискенбаев бир жумадан бери эртеден кечке чейин сурак берип жатканын билдирди.

Анын айтымында, «Айкөл Ала-Тоо» бирикмесин рейдерлик жолу менен басып алууну каалагандар Мискенбаевге ушул жол менен кысым кылууда.

-Мискенбаев бүгүн дагы сурак бергенге кирип кетти. Бир жумадан бери ушинтип суракка чакырылып, эртеден кечке чейин ал жакта болуп жатат. 25-январда Мискенбаев 11 саат сурак берип чыкты деп ызы-чуу болбодубу. Анын эртеси күнү «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинде тиешеси жок кишилерди алып келип алып, чогулуш өткөрүштү. Ушул бирикмени рейдерлик жол менен басып алуу аракети болуп жатат. Ошолүчүн Мээрбек Мискенбаев тоскоол болбосун деп аны суракка чакырып эртеден кечке чейин кармап жатат деген ойдобуз.

Өткөн жылы «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель баатырлары» коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат жарыяланган. Мискенбаев президенттин иниси Асылбек Жээнбековду парламенттеги депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылып чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Мискенбаевдин ишинде саясий кызыкчылыктарды байкай алган эмес.

Анын айтымында, аталган коомдук бирикме экиге бөлүнүп, бири-бирин сотко берип жатат.

-Азыр бирикменин өкүлдөрү эки тарап болуп жатканын угуп жатам. Чындыгында, азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Баары мыйзам чегинде болуу керек. Кандайдыр бир мыйзамга каршы иш болсо, жооп берүү керек. Азыр ишке тиешеси бар деген мурунку өкмөт башчылар жооп берип жатпайбы.

Ал эми саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин айтымында, Мискенбаев учурда оппозиция тарапта. Ошону үчүн анын ар бир кадамы бийлик тарабынан көзөмөлдө болот.

-Азыр Мискенбаев оппозицияда. Ага жараша таза адам болууга тийиш. Эгерде кичине эле кыңыр иши чыкса, бийлик тараптан текшерүү жүрүшү — болуп келген эле көрүнүш. Экономикалык кылмыштарга шектелсе, суракка чакырылса болот. Ал эми саясий билдирүүсү үчүн эч бир адам жооп берүүгө укуктуу эмес. Кыргызстанда демократия бар.

Эске салсак, 2010-жылы апрель ыңкылабында бир канча адам каза болуп,айрымдары жарадар болгон. Кыргыз бийлик аларга «апрель баатырлары» деген наам ыйгарган жана бир катар жардам берилип, жеңилдиктер каралган. Ушул ыңкылапка катышкандар, жабыр тарткандар жана курман болгондордун тууган-уруктары «Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин түзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM