Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Кумтөрдү» улутташтыруунун кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 867 | 0

“Кумтөрдү” денонсация кылуунун кажети жок. Ишкананы улутташтыруудан Кыргызстанга пайда келбейт. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«2023-жылы Кумтөрдүн» тоо-кен тармагындагы ишмердиги токтойт. Ал эми 2026-жылы рудасы түгөнөт. Бүгүнкү күндө кендин 94 тонна гана алтыны калды. Алар «2026-жылга чейин иштесе биз 9 млрд доллар киреше алабыз. Компенсация катары 3 млрд доллар төлөп берсек, калганы өзүбүздүн пайдабызга түшөт», — деп изилдөө жүргүзүптүр. Бирок чындыгында божомолдуу эсептин негизинде андай болбой жатат. «Кумтөр» 94 тонна алса дагы 4 млрд доллар акча болот. Андан 2 млрд доллары салык жана башка чыгымдарга кетет. Бизге 1 млрд доллар калууда. Андыктан «Кумтөрдү» денонсация кылуунун кереги жок», — дейт Камчыбеков.

Ал буга кошумча, Кыргызстанда тоо-кен тармагын иштетүү боюнча стратегия жок экенин айтып, жок дегенде кен иштетүүнүн концепциясын түзүү зарыл экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM