Биз менен байланышыңыз

Президент: Аткаминерлердин айынан кендердин ишмердиги туруп калууда

Кыска кабар , Сүрөт | 30 Янв 2019 | 29928 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат.

Президент анда сөз сүйлөп, тоо-кен жана башка кен өндүрүү тармагындагы маселелерге токтолуп, тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер жылына дээрлик 12 млрд. сом экенин жана ал ички дүң продукциянын 8%ын, ал эми энергетика тармак 44%ды түзөрүн белгиледи.

«Бул тармакта 18 миң киши иштейт. Негизинен тышкы булактардан келген инвестициялар алтын кен тармагына жумшалат. Бирок мамлекеттик органдар тарабынан буга тийиштүү көңүл бурулган эмес. Айрыкча лицензия берүү системасында бир катар коррупциялык схемалар байкалат. Экологияны коргоо маселеси көңүл сыртында калууда. Жергиликтүү башкаруу бийлик органдары менен ырааттуу иш алып баруу болбой, ал калктын нааразычылыгын туудурууда. Себеби эл алардын жеринде ким иштеп жатканын билбейт«, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент таза эмес иштеген аткаминерлердин айынан кендердин ишмердиги туруп калып же аны токтотууга туура келип жатканын, бул калк менен жетиштүү түрдө түшүндүрүү иштери болбогондуктан, чыккан ар кыл чагымчыл аракеттерден улам болуп жатканын айтты.

«Кадамжайдагы окуяда калк менен жолугушууга экологияны башкаруу боюнча бир инспектор катышкан. Ал түшүндүрүү иштерин жалгыз жүргүзө албайт. Бул жагынан жакшы компаниялардын иши жана мамилеси да аксап жатат. Таза эмес чиновниктердин айынан жергиликтүү элдин кызыкчылыктары корголбой калууда«, — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM